Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Төрөбаев: КСДП өз тандоосун жасады


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Бул тууралуу парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев премьер-министр КСДПнын Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечими тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып билдирди:

- Ар бир партия өз талапкерин чыгара алат. Ошондой укуктарын колдонушту. Мен буга жакшы эле карап атам. Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр отчет берип жатканда мен өз баамды бергем. Башка менде эч кандай сөз жок, - деди Бакыт Төрөбаев.

Cооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка былтыр 13-апрелде келген. Быйыл 27-апрелде ал өкмөттүн иши тууралуу парламентте отчет берген учурда “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары аны “канааттандырарлык эмес” деп табышкан. Бакыт Төрөбаев өкмөттүн саясатын "натыйжалуу эмес" деп сындаган.

17-майда КСДП партиясынын саясий кеңешинин чечими менен президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

Буга чейин мамлекет башчы болуу ниетин "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев билдирген. Парламенттеги "Республика - Ата-Журт" фракциясы лидер Өмүрбек Бабановду сунуштаган. "Ата Мекен" партиясы камактагы жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин талапкерлигин көрсөткөн.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл күзүндө өтөт. Бирок азырынча анын датасы аныктала элек. Парламент кечээ шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушу камтылган мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. (NT)

XS
SM
MD
LG