Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Анжияндагы массалык уулануу фактысы боюнча үч киши кармалды


Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян аймагындагы балмуздакка массалык улануу фактысына байланыштуу үч шектүү кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кызматы "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына билдирди. Шахрихан райондук полиция бөлүмү билдиргендей уулангандардын бардыгы райондун борборундагы кафелердин биринде балмуздак жешкен.

Аймактагы балмуздак саткан дүкөндөрдүн баары жабылды.

Соңку кабарлар боюнча, Шахрихан районунда балмуздакка уулангандардын саны 1500 кишиге жетти. Жүздөгөн тургундарга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Дарыгерлердин айтымында, учурда Шахрихандагы ооруканада 200дөй киши жатат, бешөө жандандыруу бөлүмүндө.

Шаарга саламаттыкты сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери жетектеген ак халатчандар келишти.

XS
SM
MD
LG