Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Кытай учактары АКШ учагынын жолун тороду


Кытайдын СУ -27 аскерий учагы Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө. 11-июнь, 2014-жыл.
Кытайдын СУ -27 аскерий учагы Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө. 11-июнь, 2014-жыл.

АКШ армиясы билдиргендей, окуя Чыгыш Кытай деңизинин үстүндө 17-майда болгон. Кытайдын СУ-30 үлгүсүндөгү эки учагы АКШнын радиация аныктоочу WC -135 учагынын жолун тороп чыккан.

АКШ аскер аба күчтөрүнүн өкүлү алардын учагы эл аралык аба мейкиндикте адаттагы миссия менен жүргөнүн айтып, кытайлык учкучтардын аракетин “профессионалдык” эмес деп мүнөздөдү жана бул окуя боюнча Бээжинге “дипломатиялык жана аскерий каналдар” аркылуу кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

СНН телеканалы америкалык расмий өкүлдөргө шилетеме жасап кабарлагандай, Кытай учактарынын бири АКШ учактарына 45 метрге чейин жакындаган.

АКШнын WC -135 үлгүсүндөгү төрт кыймылдаткычтуу учактары мурда Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосу боюнча далилдерди табуу үчүн колдонулчу.

АКШ менен Кытайдын аскерий учактары ортосунда быйыл абада ушуну менен экинчи инцидент болду. (UE)

XS
SM
MD
LG