Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:18

Түндүк Корея-Орусия ортосунда жаңы кеме каттамы иштей баштады


Түндүк Кореянын Владивостокко келген "Man Gyong Bong" кемеси. 18-май, 2017-жыл.

Жаңы каттам Орусиянын Владивосток шаары менен Түндүк Кореянын Ражин портун биринчи ирет байланыштырды.

Жүк тартууга, жүргүнчү салууга да ылайыкташкан алгачкы кеме Владвостокко 18-майда келип токтоду.

Буга чейин АКШ Түндүк Кореянын талаштуу өзөктүк жана ракеталык программасынан улам дүйнө өлкөлөрүн Пхеньян менен алака-катышын кыскартууга чакырган эле.

Бирок Орусия - Түндүк Корея ортосундагы жаңы каттамды Пхеньяндын 14-майда эле баллистикалык ракетасын сынап, анын Орусияга жакын деңизге кулаганы токтото алган.

Жумасына бир ирет аткарылуучу каттамдын оператору, орусиялык “Инвестстройтрест” компаниясынын билдиргенине караганда, алар Орусияда иштеген Түндүк Кореялыктарды, кытайлык жана орусиялык туристтерди ташымакчы.

Орус компаниясы ошондой эле эки өлкө ортосундагы жүк ташуунун убактысы кыскарарын да билдирүүдө.

Азыр Владивостоктон Түндүк Кореянын Ражин портуна кара жол менен жетүү 22 күндү талап кылат.

Орусия-Түндүк Корея ортосундагы деңиз каттамын комментарийлеп, АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Катин Адамс Москва Түндүк Кореядан чыккан же ага кеткен бардык жүктү, анын ичинде жеке адамдардын багажын текшерүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Ал эми Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова жаңы каттам БУУнун күчүндөгү санкцияларына каршы келбейт деп ырастады.

Жапония бул маселе боюнча тынчыздануусун билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG