Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Кызыл-Аскерде 20 жаштагы кызды машине уруп мерт болду


Бишкек шаардык кайгуул-күзөт кызматынын маалыматы боюнча, окуя 20-май күнү түштөн кийин болду. 20 жаштагы кыз жөө адамдар үчүн тилкеден өтүп бараткан кезде №220 каттамдагы кичиунаа коюп кеткен. Кыз ошол жерде жан берген.

Бул иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 1000дей адам жол кырсыгынан ажал табат. Бул күнүгө үч киши жолдо каза болот дегенди билдирет. Жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталса, анын 700гө жакыны Бишкек шаарында болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG