Британиялык The Guardian басылмасынын колуна Фейсбук социалдык тармагынын ички эрежелерине байланыштуу документтер тийген. Алар Фейсбукка жарыяланган пикирлерди жана жорумдарды алып баруу саясатына арналган документтер экенин басылма жарыялады. Басылма ачыктаган документтерге ылайык, аталган социалдык тармакта белгилүү бир адамдарга коркутуп-үркүтүүлөр жазылган пикирлер алынып салынат. Тагыраак айтканда, модераторлор "Трампты атыш керек" деген чакырыктарды өчүрүүгө тийиш. Бирок эгерде бир пайдалануучу экинчисине өлүм кааласа, аны өчүрүүгө милдеттүү эмес. Ошондой эле балдарга зомбулук жасалган видео-сүрөттөргө да тыюу салынган. Катаал эрежелер жылаңачтанган адамдардын сүрөтүнө да тиешелүү. Бирок эгер сүрөттүн тарыхый мааниси болсо, аларды жарыялоого уруксат берилет.
Фейсбук модераторлору өтө чоң өлчөмдөгү арыз-дооматтар менен иштөө оор экенин айтышкан. Алардын айтымында, бир пикирди өчүрүү тууралуу 10 секундда чечим кабыл алынууга тийиш.
Фейсбук пайдалануучулары, алардын ичинде таанымал саясатчылар соцтармактын мындай саясатын сынга алышууда. Алар тармакта кандай жорум-пикирлерге уруксат берилгени тууралуу маалыматтар жоктугун белгилешет. Ошол эле учурда тармактын модераторлору пикирлерди өчүрүп, пайдалануучуларды блоктоо менен сөз эркиндигин бузат деген пикирлер да айтылат.