Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Манчестердеги жардырууда 19 киши набыт болду


Британия полициясы Манчестердеги жардырууда 19 киши мерт кетип, 50 чамалуу адам жараат алганын билдирди. Жардыруу 22-майда Манчестер шаарындагы концерттик аренада америкалык поп-жылдыз Ариана Гранденин концерти бүткөндө болду.

Жардыруунун себеби азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, полиция муну терракт катары сыпаттоодо.

BBC полицияга шилтеме кылып билдиргендей, жардыруу болгон жерден алыс эмес жайдан экинчи жардыргыч зат табылган. Саперлор иштеп жатышат. Концерттик стадионго жакын аймактарда аскерий полиция күзөттө турат. Жакын жердеги темир жол бекети жабык.

Manchester Arena Европадагы эн чоң концерттик стадион. Ага 22 миң киши батат. Ариана Гранденин концертинде аренага киши жык толгон.

XS
SM
MD
LG