Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:17

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун сөөгү коюлган жерлер, дайынсыз жоголгондордун дареги тууралуу республикалык компьютердик маалымат банкы түзүлөт.

Буга байланыштуу токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Согушта дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзгөн ыктыярдуу отряддардын өкүлдөрүнүн белгилешинче, согушта дайын-дареги белгисиздердин эсеби 56 миңден ашат. Алардын айрымдарынын сөөгү Европа мамлекеттеринен дагы табылууда.

Экинчи Дүйнөлүк согушка Кыргызстандын ошол кездеги калкынын ар бир алтынчы адамы катышып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Андан тышкары 150 миң адам согушта, 979 адам тылда көрсөткөн эрдиги үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган.

Бирок кыргызстандыктар согушка катышканы менен алардын салымы терең изилденбей, маалыматтар ар кандай иргелип жатканын тарыхчылар белгилеп келет. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG