Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Курултайды мыйзамдаштыруу аракети


Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн жыйында курултай институтун мыйзамдаштыруу боюнча сунуштар айтылды.

Курултайдын күн тартибине эки маселе коюлду. Алар: курултайдын макамын Конституцияга киргизүү жана биометрикалык паспорттордо "улут" графасын калыбына келтирүү.

300дөн ашык киши катышкан жыйында сүйлөгөндөр негизинен президент жана парламенттин үстүнөн көзөмөлдөөчү орган катары курултайдын макамын Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу бекитүү керек деген демилгеге ыкташты.

Курултайды уюштуруу тобунун башчысы, саясатчы Азимбек Бекназаров Баш мыйзамга киргизүү боюнча атайын концепция иштелип, анын тартиби аныкталганын жарыялады:

- Элдик курултай институтунун жаңы концепциясын Конституциянын 2-беренесине киргизели дедик. Ал кандай статуста болот? Бийликтин ээси болгон Кыргызстандын эли өзү шайлаган президент менен парламенттен жыл сайын отчет алып, ишине баасын берип турсун деп киргиздик. Ал эми кантип жыл сайын отчет алабыз деген суроо коюлат. Ага ар бир айыл өкмөтүндө баа берилет. Кыргызстандагы 450дөн ашык айыл өкмөттө жана 30 шаарда жергиликтүү эл чогулуп, президент менен парламенттин ишине баа берет. Анан ар бир жерден экиден делегат келип, борбордо өткөн курултайда элдин баасынын жыйынтыгын жарыялайт.

Курултай бийликти көзөмөлдөйбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:15 0:00

Уюштуруучулардын көз карашында Баш мыйзамдагы курултай тууралуу берене учурдагы абалга дал келбейт. Ошондуктан президент менен парламент бир айлык мөөнөттө бул институттун конституциялык макамын кайра аныктоо чечимин кабыл алышы зарыл деп эсептешти.

Ал эми жыйынга катышкан экс-президент Роза Отунбаева курултай макамын жогорулатуу талабы бийлик органдарына көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгынан улам пайда болгонун айтты. Мурдагы президенттин айтымында, көзөмөлдүн жоктугунан улам мамлекеттик бийликтегилердин деңгээли начарлап, ар кандай терс көрүнүштөр орун алууда:

- Кыргызстанда 300 миңге жакын бюджетте иштеген адамдар бар экен. Алардын ичинде мамлекетке иштеп жаткан адамдар 17 миңин түзөт, анын 215и саясий, жогорку деңгээлдеги ишкерлер экен. Биз ошолор менен элдин ортосундагы айырма, ажырым туурасында айтып жатабыз. Бюджетте иштегендер Кыргызстандын калкынын 6% түзөт. Биз коррупциядан арылабыз, аларды элдин алдында отчет бере тургандай шарт түзөбүз деп, бул эң чоң баш ооруткан маселе болууда. Ушуну кантип чече албайбыз? 26 жылдан бери биз ушуну менен алышып келе жатабыз. Биз да убагында жөн отурган жокпуз. Коомдук көзөмөлдү күчөтүү үчүн көп иштерди жасадык. Курултайдын адеп-ахлактык, моралдык, маданият жагынан сүрү, өзүнүн салмагы болушу керек. Сүр көрсөткөн, кыр көрсөткөн салмагы болгондо маанилүү болот эле.

Отунбаева "Коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө эрки жетпей калды деп Жогорку Кеңешти сындады.

Курултайда Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу чукул талап коюу жаңылыш экенин айткандар да чыкты. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Медеткан Шеримкулов талапты шашпай талкуулап чече турган маселе катары баалады:

- Эгерде курултайды сыйлайбыз десеңер, эгер кабыл алынган чечимдер сыйга татыктуу болсун десеңер анда мунун баарын мыйзам түрүндө гана өткөрүү зарыл. Алгач болуп жобосун жазгыла, конституциялык мыйзамды жазгыла, андан соң гана депутаттар аркылуу өткөргүлө. Анан менин бир сунушум бар. Биз Конституцияны кайра иштеп чыгышыбыз керек. Биз 1993-жылкы Баш мыйзамды кабыл алардан мурун адегенде жарым жыл анын концепциясын жазып чыкканбыз. Андан соң эки жыл конституциянын өзүн иштегенбиз. Ошол сыяктуу башкаруу системасы баш болгон курултай сыяктуу кеңири маселелерди киргизүү үчүн Баш мыйзамды 2018-жылы жазып баштагыла, 2019-жылы бүтүп кабыл алсаңар болот.

Элдик курултай: идея жана демилге

Элдик курултай: идея жана демилге

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук кеңешинин жыйынында Элдик курултай өткөрүп, ага айыл өкмөтү баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн киргизүү керек деп билдирди.

Негизи курултайды мамлекеттик бийликтин институту катары макамын аныктоо демилгеси узак убакыттан бери эле көтөрүлүп келет. Мындай демилгени алга сүрөгөн бир нече кыймыл утур-утур ар кыл иш-чараларды уюштуруп турушат. Өткөн айда президент Алмазбек Атамбаев Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Элдик курултай тууралуу пикирин билдирген. Ал Жогорку Кеңешти сынга алган жана кошумча чара катары элдик курултай институтун колдонууну сунуштаган эле.

Мындан соң кыймылдар демилгесин жандантып, курултай макамын күчтөнтүп, аны Баш мыйзам аркылуу бышыктоого тиешелүү бийлик бутактарын ынандыруу багытында туруктуу кеңеш түзүлгөн эле. Кыймыл жер-жерлерде курултай жанапаспортко улут макамын кайтаруу маселеси боюнча чакан жыйындарды да уюштурду.

Бийлик өкүлдөрү болсо Баш мыйзамдын 52-беренесинде көрсөтүлгөн макамды кайра көтөрүү талабы туура эмес деп жатышат. Бийликчил Социал-демократтар фракциясынан парламент депутаты Дастан Бекешовдун пикиринде, курултайды ашыкча саясатташтыруу туура эмес:

- Курултайда азыркыдай президент же парламент кетиш керек дебей, тескерисинче жардам бериши керек. Алар өлкө багыты, талылуу маселелер боюнча пикирин айтса болот. Ошондой эле Баш мыйзамдын 51 же 52-беренесинде курултай жөнүндө сөз болуп бекитилген. Эми аны 2-беренеге киргизүү зарыл деген туура эмес. Улам-улам референдум өткөрө беребизби?​

Ошол эле кезде ар кандай саясий топтордун курултайды мыйзамдаштыруу демилгесин башташы учурдагы парламенттин өз ишин жеткиликтүү аткарбай жатканынан көргөндөр бар. Мындай пикирди колдогондордун бири - жарандык активист Рита Карасартова:

- Негизи парламент деле бул курултайдын бир жыйыны. Кыргызстандын ар аймактарынан келип, элдин көйгөйлөрүн айтуу үчун чогулат. Эгер парламент элдин үнүн жеткирип, көйгөйлүү маселелер айтылганда мындай саясий топтор курултай демилгесин көтөргөнгө негиз болмок эмес.

Ал эми курултайда көтөрүлгөн паспортто улут графасын калтыруу талабы боюнча бийлик буга чейин жообун айткан эле. 1-майдан тарта бериле баштаган паспортто жарандын улуту документтин көрүнүп туруучу сырт жагына эмес, ичине тиркелүүчү чипке жазылган. Муну мамлекеттик органдар жарандардын жеке тандоосу менен түшүндүргөн эле.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген.

"Элдик курултай" жыйыны буга чейин 17-майда бардык облустарда өткөн.

Түз эфир

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG