Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:18

АКШ президенти Дональд Трамп Йордан дарыясынын батыш жээгине сапарында Израил менен Палестина ортосунда тынчтык келишимге жетишүү үчүн мүмкүн болгондун баарын жасоого убада кылды.

Бул тууралуу Трамп 23-майда Вифлеемде палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуусунда айтты.

"Америка Израил менен палестиналыктарга тынчтык орнотууда жана чөлкөмгө, анын элине жаңы үмүттөрдү алып келүүдө жардам бере аларына чын ниеттен үмүттөнөм" деди ал.

Аббас болсо тарыхый мунасага жетишүүдө Трамп менен иштешүүгө даяр экенин билдирди. Анын айтымында Израил менен чатак диний мүнөздө эмес. "Биздин башкы көйгөй оккупация жана жайгаштырууларга" байланыштуу деди палестин лидери.

Израил менен Палестина ондогон жылдардан бери жер талаштын айынан жаңжалдашып келет. Трамп 22-майда Израил премьер-министри Биньямин Нетаняху менен да жолугушкан.

XS
SM
MD
LG