Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:49

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясындагы аскер базасына жасалган чабуулда 10 жоокер өлтүрүлдү, тогузу жарадар.

Ооган Коргоо министрлигинин билдиришинче, жоочулардын чабуулу 22-майга оогон түнү Шах Валикот районундагы лагерде болгон.

Министрлик өкүлү Давлат Вазеринин айтымында, бир нече саатка созулган атышуу учурунда кол салгандардын кеминде он экиси жок кылынды. Азырынча алар кимдер экени кабарлана элек.

Ооган өкмөтү менен ондогон жылдардан бери кармашып келаткан "Талибан" экстремисттик кыймылы жана башка топтор акыркы жумаларда жандана башташты.

XS
SM
MD
LG