Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

11 жыл окуп, англисче сүйлөй албаганым кандай?


Эмне үчүн англис тилин 11 жыл мектепте, андан кийин беш жыл университетте үйрөнө албай жатабыз?

Мен баягүнү англис тилдүү чет элдик киши менен жолугуп калдым. Жолугары жолугуп алып, тил жетпей ымдаша берип жаман эле жүдөдүм. Тил жок болсо колго күч келет экен.

Негизи мен англис тилин жалпысынан 11 жыл окуптурмун. Мектепте 5-класстан 11-класска чейин. Дагы беш жыл университетте окуган англис тил сабагынан эч нерсе албаганымды ошондо баамдадым. Анан 11 жылда мээге сиңбеген англис тилди, аракеттенип окубаган өзүмдү, анан мага англис тилинен сабак берген агай-эжейлердин баарын эстеп туруп катуу кейидим, ызаландым.

Ойлонгон кишиге англис тилин 11 жыл окуган бала жок дегенде чет элдик коноктон “Курсагың ачтыбы?” – деп сураганга жараш керек эле да. А мен ошого да жарабай атпаймынбы кашайып. Мен эле дейин десем, менин классташтарым деле менден артык эмес экенин жакшы билем. Алардын жакшы окуганы, ошол “Курсагың ачтыбы?” дегендин ар жагына өтүп кетерине көзүм жетпейт.

Англис тилин кое туруп, орус тилиндеги алгачкы сөздөрдү апам мага кантип үйрөткөнүн айтпасам болбой калды.

Бир жолу апам мени шаарга алып барам деп койбоспу. Шаар дегенде жүрөк элеп-желеп болуп кабында тек жаталбай калган. “Шаарга качан барабыз?” –деп сурай берип апамды тажатам. Анан апам: “шаарга барсаң орусча билишиң керек. Болбосо жоголуп кетесиң,” - деп мени коркута баштады. Ошондо 1-класска бара элек болсом керек эле. Шаарда сенден “Как тебя зовут?" деп сурашат. Анан сен: "Меня зовут Ыдырыс” деп жооп бергин деп үйрөткөн. Ошол ошол болду, кулагыма кирген боюнча жатталып калды. Орустун тамгасынан мурун ушул эки сүйлөмдү үйрөнүпмүн.

А мектептен кыргыз, орус, англис тилдеринин ичек-чабагы болгон уңгу, мүчөсүн, ат атооч, зат атоочторун окудум. Чынын айтканда англис, орус тилин ары кой, мага кыргыз тилинин “атоочторун” түшүнүү деле чоң азап болгон. 4-класста бир ирет кыргыз тил эжеке "Этиш деген эмне?" деп баарыбызды бурчка такаганы эсимде. Ошол сабактын бүтүшү тозоктун сурагындай эле болгон. Кудай жалгап Насипа деген кызыбыз айта салып жаныбыз калган. Мен болсо этиш эмне экенин түшүнбөй эле сабактын бүткөнүнө сүйүнүп кала бергем.

Ушул сыяктуу эле орус, англис тилдеринде да атооч, этиш, грамматика эрежелерин далай эле жаттагандай болдук. Анан кашайып эле ошол тилде оюбузду эркин айта албай кыйналганыбыз кандай?

Ошол он жылдап эреже жаттап орусчаны да, англисчени да кыйраталбапмын го. Эстесем, мектепте орусча же англисче беш сөздүн башын бириктирип бир сүйлөм түзгөнгө жарай албадым. Чын.

Ойлоп көрсөм, азыр деле далай балдар-кыздар айлап-жылдап англис тилин, орус тилин окуп, баа алып, эреже жаттап жүрүшөт. А бирок мектепте англис тилин 6-7 жыл окуган баланын меникиндей абалы окутуу ыкмасын кайра карап чыгуу керектигин каңкуулап жаткан жокпу?

Ошондон улам тил үйрөтүүдө апамдын ыкмасы эле жакшы окшойт деп калдым. 11 жыл ичинде англис тил сабагынан бир айда бир сүйлөмдөн жаттаганымда деле (11 жыл x 8 ай = 88 сүйлөм) менин абалым азыркыдан кыйла жакшыраак болмок экен деп калдым.

Менин бир кесиптешим бар. Ал дагы англис тилин мектептен жалчытып үйрөнө алган эмес. Азыр болсо өз алдынча англисче ырларды жаттап жүрөт. Ошентип атып, англисче жакшы эле сүйлөп калды. Балким балдарыбыздын башын “илимий атоочтор” менен толтура бербей жөн гана англисче ырларды жаттатсак, окуучулар англис тил сабагында англисче ырдап отурганы натыйжалуу болоор.

Албетте, мен тил окутуу илимин, илимий усулдарын бүт бойдон четке кагып салуудан алысмын. Бала англисче тамгаларды бирден жаттап таанышы керек. Тамгага тамга кошуп окуганды үйрөнүшү керек. Бирок кыйратып сөз жаттатпай туруп, толук бир сүйлөмдү баланын мээсине куйбай туруп, “атоочтор” менен мээни “зордуктай” берүүнүн кереги барбы?

Англис тилинин грамматика, фонетика жана структурасын чоңураак класстарга калтырса кандай болот? Жаш балдардын мээси катый электе ырларды, жомокторду, бал тилдүү аңгемелерди жаттаткан оңой эмеспи. Балким Билим берүү министрлиги, же жок дегенде айрым англис, орус тилчи мугалимдер ушул ойду талдап көрөрсүздөр.

Анан албетте, мектепте чет тилдерди окутуунун максатын, ыкмаларын жаңылап, балдардын мээси, аң-сезими тез кабыл алып сиңип калгыдай кылып өзгөртсөк жалпы коомго, мамлекетке пайдалуу болмок. Болбосо ошончо жыл сабак бергенине мугалим айлык алат да, балдар эки сүйлөм айталбаган бойдон калып атпайбы. Маселен, мен апамдын орусчасын шаарга барып жоголуп кетпейин деген максат менен жаттаганмын. Мен өзүмө тааныш эмес орусча сөздөрдү турмуштук зарылчылыктан улам жаттаганмын. Тергөөчүлөр айтмакчы менде күчтүү “мотив” бар эле.

Агай-эжекелер! Мектепте окуучуларыңызга “мотив” жаратып бере алдыңызбы? Дегеним, сиздин англис тилиңизди алар эмне үчүн берилип окушу керек? Ушул суроонун жообун жакшылап балдардын мээсине жеткире алдыңызбы?

Болбосо биз Орусияга барып көчө шыпырып, идиш жууп, пол аарчый турган гана балдарды чыгарабызбы? Биздин балдар андан жакшыраак кызматка татыктуу эмеспи?

Кыргызстандын жаштары Европада, Америкада, Жапонияда программист, котормочу болуп иштесе жарашпайбы?

Аз гана маянага иштеп аткан мугалимдерди айыптагым келбейт. Бирок качанкыга чейин англис тилин 5-6 жыл (же мендей 11 жыл) окуп, аттестатында жакшы баа турган, бирок ал тилде алты сүйлөм айта албаган балдарды чыгара беребиз?

Окутуп жатам деп окутпай коюу бул алдамчылык, жаш муунга, мамлекетке чыккынчылык кылуу, балдардын да, ата-эненин да ишенимине кыянаттык кылуу деп ойлойм.

Чет тилдерди окутуу ыкмасын жаңыртып, түп-тамырынан өзгөртүү - замандын талабы дем ишенем.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG