Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:57

Маалымат жыйынында жарандык активисттер өзгөртүлүп жаткан "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдардын байкоочуларынын укуктарына чектөө киргизилип жатканы тууралуу айтып беришет. Алардын белгилөөсүндө, жаңы мыйзамда коммерциялык эмес уюмдардын байкоочулары шайлоо комиссияларынын чечимдерине, иш-аракеттерине карата доо-арыздары менен ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу укугунан ажыратылууда. Муну менен шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзүүнүн мааниси жоголот. Жарандык коомдун байкоочуларына киргизилип жаткан түрдүү административдик тоскоолдуктар, алардын санын чектөө толук кандуу иш жүргүзүүнү кыйындатары айтылат.

Мындан тышкары уюштуруучулар парламентти мыйзам долбоорун кайра иштөөгө жиберип, жарандык коомдун сунуш жана сын пикирлерин эске алууга чакырмакчы. Маалымат жыйыны 24-майда Бишкекте болот.

17-майда Жогорку Кеңештин профилдик комитети «КР Президентин жана ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кабыл алган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG