Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

AI: Молдова президенти конституцияны бузду


Президент Игорь Додон
Президент Игорь Додон

Эл аралык мунапыс уюмунун (Amnesty International ) Молдовадагы өкүлчүлүгү президент Игорь Додон молдовалык кумсалардын президенти эмесмин деген сөзү менен Конституцияны бузду деп билдирди.

21-майда баш калаа Кишиневде башталган ЛГБТ коомчулугунун маршы дароо токтотулган. Анда акция катышуучулары менен өздөрүн православ динине кызмат кылгандар деп атагандар кагылышкан. Алар ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрүнө жумуртка ыргытышып, суу чачышкан.

Ошол эле күнү "Салттуу үй-бүлөнүн фестивалы" аттуу иш чарага катышкан Молдова президенти Игорь Додон журналисттерге берген маегинде "кумсалардын президенти болууга эч качан убада бербегенин" жана кумсалар "өз президентин тандашы керектигин" айткан.

Укук коргоо уюму Додондун комментарийин "мамлекет башчыга жек көрүүчүлүктү козутууга тыюу салган жана ар бир жарандын укугун сыйлоого милдеттендирген Молдова Конституциясын олуттуу бузуу" деп баалады.

XS
SM
MD
LG