Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:49

Британ өкмөтү террор коркунучунун деңээлин көтөрдү


Манчестердин борбордук бөлүгүндөгү куралдуу полиция кызматкерлери. 23-май, 2017-жыл.

Премьер-министр Тереза Мэй билдиргендей, Улуу Британия үчүн террор коркунучунун деңгээли эң жогорку чекке көтөрүлдү. Мындай чечим Манчестер шаарындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде 22 адамдын өмүрү кыйылгандан кийин кабыл алынды.

23-майга караган түнкү жардырууну теги боюнча ливиялык, бирок Британияда туулуп-өскөн Салман Абеди жасаган деп шектелүүдө. Кандуу окуя миңдеген адам, көбүнчө жаштар чогулган концерттен кийин болду.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Бирок АКШ расмий өкүлдөрү азырынча топтун бул ырастоосуна ишенүү эртелик кыларын билдирүүдө.

Британия учурда коопсуздук боюнча чукул планын ишке киргизип, маанилүү коомдук жайларга куралдуу полицияга кошумча аскерлерди да жайгаштырды. Полиция жанкечтинин ыктымал шериктерин издеп жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG