Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга кошумча каражатты кыргыз өкмөтү MegaCom компаниясынын эсебинен алууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев өкмөт бул жолдун курулушуна каражатты президент тапты деп айтып жатканын белгилеп, ал акча кайдан алынарына кызыкты.
- Буга чейин сот иштери жүрүп жаткан. Акча каражатын алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Президенттин тапшырмасы менен Башкы прокуратура ишти тездетип, ошол акча каражаты бошоду. Аны биз бюджеттин киреше бөлүгүнө киргизип жатабыз. Анын ичинен жолго да кетет, - деди министр Касымалиев.
Көл боюндагы Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолунун курулушу 2015-жылы башталган. Бул иш чыр менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Жолдун жалпы узундугу 104 чакырым.
MegaCom компаниясы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин улутташтырылган. Учурда ага байланыштуу бир нече соттук териштирүү жүрүп жатат. Ысык-Көл жээгиндеги жолдун курулушуна каражат кайсы жараяндан улам алынарын Каржы министрлиги азырынча так айтуудан баш тартты. (RK)