Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:24

Украинада салык кызматынын мурдагы 23 жетекчиси камалды


Антикоррупциячыл активисттердин Киевдеги нааразылык акциясы. 16-май, 2017-жыл.
Антикоррупциячыл активисттердин Киевдеги нааразылык акциясы. 16-май, 2017-жыл.

Мурдагы 23 кызматкер экс-президент Виктор Януковичтин өкмөтүнө 97 миллиард гривня же төрт миллиард долларды уурдоого жардам берген деп шектелүүдө.

Украин бийликтери бул окуяны коррупцияга каршы эң ири операция катары сыпаттап жатышат. Камалгандар өлкөнүн салык мекемесинин мурдагы жогорку даражалуу чиновниктери.

Ички иштер министри Арсен Аваков, башкы аскер прокурору Анатолий Матиос Киевде кабарчыларга билдиришкендей, мурдагы салыкчыларды камакка алуу үчүн 450дөн ашуун рейд жүргүзүлүп, ал ишке 1700дөй полициячы, 500дөй аскерий прокурор тартылды.

Министр жана прокурор кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары качып кетүүгө аракеттенип, кээ бирлери Киевге тик учак менен алынып келингенин кошумчалашты.

Экс-президент Виктор Янукович сыяктуу эле Украинанын мурдагы киреше жана салык министри Александр Клименко 2014-жылы Орусияга качып кеткен.

Активисттер мурдагы салыкчылар тобунун камакка алынышын кубатташты. Бирок мындан да олуттуу маселе аларды сот жообуна тартуу экенин белгилешет. (UE)

XS
SM
MD
LG