Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:11

Ооганстанда учакты таш менен уруп кондурбай койгон сегиз адам камалды


Кабул аэропорту.
Кабул аэропорту.

Камалгандардын бирөө парламент депутатынын баласы. Алар жүргүнчү учакты Кабулда рейстен калып калган эки депутатты салып кетүүгө таш менен уруп мажбурлашкан.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Каm Air деген компаниянын учагы Кабулдан Бамиян шаарына 30 жүргүнчү менен эки саат жол жүргөн.

Бирок, ал конор алдында учуу тилкесине чыккан адамдардын тобу таш ыргытып, кондурбай, Кабулга кайтууга мажбурлаган. Учак Кабулдан эки депутатты салып, кайра Бамиянга кайтып барган.

Бул окуя оогандардын, саясатчылар менен авиация бийликтеринин нааразылыгын жаратты.

Ооган депутаттары өздөрүн жана туугандарын байытуу максатында кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн такай айыпталып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG