Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Ошто "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачары болот


"Кыргызча жашоо бормулалары" китеби.
"Кыргызча жашоо бормулалары" китеби.

Ош шаарында журналист жана сатирик Султан Жумагуловдун "Кыргызча жашоо бормулалары" китебинин бет ачары болот. Бет ачарга китептин автору, журналисттер, студенттер жана башка адабият сүйүүчүлөр катышат. Иш-чара ОшМУнун Кыргыз-кытай институтунун жыйындар залында болот. Буга чейин китептин бет ачары Бишкекте өткөн.

Китепке автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан бери карай жазылган чыгармалары кирген. Аларда совет доору урай баштаган жана Кыргызстандын эгемен мамлекет болгон учуру, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган.

Китептин экинчи бөлүгүндө автордун публицистикалык макалалары басылган. Анда негизинен кыргыздардын жашоо образы, ой жүгүртүүсү, айрым үрп-адаттар өсүп-өнүүгө кедергисин тийгизип жатканы баяндалган.

Китеп Бишкектеги "Имак" басмаканасынан 500 нускада жарык көргөн.

Султан Жумагулов Кыргызстандагы белдүү журналисттердин бири. Эмгек тажрыйбасында совет доорунда "Ленинчил жаш", "Эркин-Тоо" гезиттеринде, кийин "Асаба" гезитинде, "Би-Би-Си" радиосунун кыргыз кызматында кабарчы болуп иштеп, "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин да жетектеген. ЭлТР жана КТРКда башкы директорлук кызматтарды да аркалаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG