Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:30

Улуттук күрөштүн бардык түрлөрүн бириктирүү сунушталууда


Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

Кыргызстанда улуттук күрөштүн бардык түрлөрүн бириктирип өнүктүрүү сунушталууда. Мындай пикирин парламент жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтты.

Ал өтө көп чыгымдарды талап кылгандыктан көк бөрү оюнун өнүктүрүү милдетин мамлекет өзүнө алышы керек деген көз карашын айтты.

“Андан тышкары улуттук күрөш оюну баткен күрөш, лейлек күрөш, талас күрөш, алыш күрөш аталуу менен улам майдаланып барат, аларды жалпы бир кыргыз күрөшүнө бириктирүү зарыл” – деп Кожобек Рыспаев коӊшу Казакстан улуттук күрөштүн түрлөрүн казак күрөшүнө бириктиргенин мисал келтирди.

Жогорку Кеӊеште кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Долбоорду демилгелеген өкмөттүн пикиринде, мыйзамдарга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” деген түшүнүктөрдү киргизүү зарыл.

Кыргызстанда кыргыз улуттук классикалык күрөшү (лейлек күрөшү), кыргыз күрөшү жана "Алыш" бел боо күрөшү деп аталган түрлөргө мамлекет колдоо көрсөтөт. Бул күрөштү өнүктүрүү милдети Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына жүктөлгөн.

Улуттук классикалык жана кыргыз күрөштөн өлкө чемпиондуктары жана республикалык мелдештер өткөрүлүп, аларды аталган дирекция каржылайт.

Ал эми "Алыш" бел боо күрөшү боюнча мелдештер эл аралык деңгээлде өтүп жүрөт. Күрөштүн бул түрүнөн эл аралык федерация 2001-жылы негизделген.

Күрөштүн бириктирилген түрлөрү боюнча эл аралык федерацияга (FILA, учурда бул уюм Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) деп аталат) Кыргызстан 2008-жылы мүчө болгон. Жыл сайын континенталдык жана дүйнө чемпиондуктары уюштурулуп келет.

Алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнөнүн төрт континентинин 70тен ашуун өлкөсүндө улуттук федерациялар бар. (RK/ECh)

XS
SM
MD
LG