Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Өкмөт Дыйкан-фермер партиясынын маалыматын четке какты


Дыйкан-фермер партиясынын "кыргызстандык фермерлер өндүргөн азык- түлүк 12-августтан тарта Казакстандын чек арасынан өткөрүлбөйт деген маалыматы чындыкка жатпайт" деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

"Бүгүнкү күндө кыргызстандык дыйкандар ЕАЭБ алкагындагы бардык талаптарга ылайыктуу иштеп жатышат, 12-августтан кийин бул талаптар өзгөрбөйт. 2017-жылдын 12-августунан тарта ишке кирүүчү 18 техникалык регламент боюнча, ички базарга сатылып жаткан азык-түлүктөр да сапаты жагынан биримдиктин талаптарына жооп берүүгө тийиш" деп айтылат маалыматта.

Өкмөт ошону менен бирге тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жаңы техникалык регламенттердин талаптары менен бизнес-коомчулукту, фермерлерди жана өндүрүшчүлөрдү тааныштырып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG