Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Туск "Чоң жетини" Орусияга каршы саясатты өзгөртпөөгө чакырды


Дональд Туск
Дональд Туск

Дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы жети өлкөнүн лидерлери Италиянын Сицилия аралына чогулушту. Ага катышуу үчүн келген Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск бул "Чоң жетинин акыркы жылдардагы эң оор саммити" болгонунан күмөн санабай турганын билдирди.

Жыйында негизинен соода, экология жана Британиядагы акыркы терактка байланыштуу коопсуздук жаатында биргелешип иштөө маселелери талкууланат.

Алардан тышкары Туск саммитке келгендерди Украинадагы жаңжал боюнча биримдикти көрсөтүп, Орусияга санкцияларды узартарына үмүттөнүп турганын айтты.

"Биз Украинанын көз карандысыздыгы менен аймактык бүтүндүгүн толук колдойбуз. Андагы жаңжал Минск келишими толук аткарылганда гана чечилет. "Чоң жетинин" акыркы, Жапониядагы саммитинен бери Орусияга каршы санкциялык саясатыбызды өзгөртүүгө түрткү берген эч нерсе көрө албадык. Ошон үчүн "Чоң жетинин" лидерлерин ал саясатты уланта берүүгө чакырам", - деди Туск.

"Чоң жетиге" АКШ, Британия, Германия, Франция, Италия, Жапония жана Канада кирет. Бул жолку саммитке АКШ менен Франция президенттери биринчи ирет катышууда.

XS
SM
MD
LG