Бишкекте бүгүн «Так теке» фестивалы башталды. Куурчак театрларынын экинчи эл аралык өнөр таймашына Кыргызстандан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан келген театрлар катышууда.
Быйыл экинчи жыл уюштурулуп жаткан фестивалдын буга чейинкиден айырмачылыктары тууралуу "Азаттыкка" иш-чаранын координатору Элеонора Турдубекова айтып берди:
- Бир нече номинация боюнча сыйлыктар тапшырылат. Экинчиден, бул иш-чаранын каржылык жагына маданият министрлиги колдоо көрсөттү.
Спектаклдер Куурчак театрында жүрүп жатат. Бул маданий иш-чара 29-майда жыйынтыкталат. (RK)