Түркиянын соту оппозициялык Sozcu гезитинин эки кызматкерин камоо тууралуу өкүм чыгарды. Алар диний аалым Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелүүдө. Окумдуулугу боюнча өлкөдө төртүнчү орунда турган басылманын кеңсесинде тинтүүлөр жүрдү, дагы бир нече журналист шектелип жатканы кабарланды.
Түрк бийлиги АКШда жашаган оппозициялык диний ишмерди былтыр июнда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген деп айыптап келет.
Мамлекеттик маалымат агенттиктери жазгандай, тергөөчүлөрдү былтыркы окуяга бир күн калганда түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын эмгек өргүүсүндөгү сүрөтү гезитке басылганы, анын ысымы кроссворддо колдонулганы кызыктырган.
Түркияда былтыркы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин 130дан ашуун жалпыга маалымдоо каражаты жабылган. Гүлен менен байланышы бар деген шек менен жалпысынан 150 миңден ашык судья, мугалим жана полиция кызматкерлери иштен четтетилип, 50 миңдей адам камалган. Бул аптада Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Түркиянын бийлигин мамлекеттик кызматкерлерди негизсиз иштен айдаганы үчүн айыптады.