Ооганстандын чыгышындагы Хост провинциясында бүгүнкү жардыруудан он төрт адамдын өмүрү кыйылды. Жанкечти өзүн аскердик базанын жанында жардырган.
Каза тапкандар арасында эки бала бар экенин, мындан тышкары сегиз адам жараат алганын жергиликтүү дарыгерлер кабарлаган. Жардыруудан канча жай тургундун өмүрү кыйылганы боюнча так маалымат айтыла элек. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алышты.
Буга чейин Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадгис провинциясынын Кадис районунда согушкерлер ооган күчтөрүнө чабуул жасашкан. Андан алты полициячы, сегиз жай тургун жана 22 согушкер өлгөн. 17 жаран жана 33 согушкер жаракат алган.