Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Орусия: FIFA кубогу учурунда чет элдиктер катталышы зарыл


FIFA-2017 конфедерация кубогунун оюндары учурунда 1-июндан 12-июлга чейин Орусиянын бир катар шаарларына келген чет элдик жарандардан бир күн ичинде жашаган жери боюнча каттоого туруу талап кылынат.

Мындай талап Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Сочи шаарларына барган чет элдиктерге тиешелүү. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, FIFA-2017 футбол кубогу маалында коопсуздукту сактоо үчүн президент Владимир Путиндин буйругу чыккан. Элчилик орус тарап менен биргеликте Евразия экономикалык биримдиктин жана эки өлкө ортосундагы келишимдерге ылайык кыргызстандыктарга кандай шарттар берилерин аныктоодо.

Кыргыз-орус келишимдери жана ЕАЭБдин эрежелери боюнча азыр кыргызстандыктар Орусияда 30 күн каттоосуз жүрө алат.

FIFA кубогу 17-июндан 2-июлга чейин Орусияда өтөт. (LzT)

XS
SM
MD
LG