Жалал-Абад шаарында бюллетендер шайлоочулардын тизмесинен аз бөлүндү. Бул тууралуу шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Баринса Турдубаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, акыркы тактоо боюнча Жалал-Абадда 37 миңден ашык шайлоочу катталса, бюллетендин саны алардан 1400гө аз берилген. Буга алдын ала бюллетень даярдоого 36 миңге жакын тизме берилип, бирок тиешелүү документ толтуруу жана айрым участкаларда чек аралардын такталышы менен шайлоочулардын көбөйүп кеткени себеп болду. Турдубаева шайлоочулардын баары добуш берүүгө келбей тургандыктан, бюллетень жетпей калат деген коркунуч жоктугун кошумчалады.
Жалал-Абад шаардык кеңешинде өтүп жаткан мөөнөтүнөн мурда шайлоого жети партия - КСДП, "Ата Журт", "Республика", “Өнүгүү-Прогресс”, "Бүтүн Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары ат салышууда.
Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов аймакта жалпы сегиз жергиликтүү кеңештердин баарында шайлоо өтүп жатканын билдирди. Жалал-Абад шаарындагы эки добушканада шайлоо маалында бир саамга техникалар иштебей калды. Азыр алар оңдолду.
Бүгүн Кыргызстандагы 41 жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. (RsK/NT)