Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:40

Түндүк Корея жаңы үлгүдөгү абадан коргонуу системасын сынаганын жарыялады. Бул сыноолорго өлкө лидери Ким Чен Ын катышканын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, сыноодо система душмандардын ракета жана дрондорун таап, жок кылган. Сыноонун мөөнөтү жана орду ачык айтылган жок.

Пхеньяндын билдиришинче, жаңы системаны аскердик илимдер боюнча улуттук академиянын адистери иштеп чыккан. Анын натыйжалуулугу мурункудан жогору.

Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат агенттиги Ким Чен Ын сыноодон кийин аскерий жетекчилерди мактаганын билдирди. Жаңы системаны "бүткүл өлкөнү токой сыяктуу каптап тургандай" көлөмдө өндүрүүнү буйруганы айтылды.

XS
SM
MD
LG