Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Манчестерде полиция жардырууга шектүү 14-кишини кармады


Манчестердеги чабуулду жасаган жанкечти Салман Абеди. (Сүрөт Фейсбуктан алынган)

Британ полициясы Манчестердеги 22 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулду иликтөөнүн жүрүшүндө жанкечти Салман Абеди кирген топтун дагы бир мүчөсүн кармаганын билдирди.

Манчестер полициясынын Твиттерге чыккан билдирүүсүндө 28-майда 25 жаштагы жигит “террордук акт деп саналган кылмыштарды жасаган” деген шек кармалганы айтылат.

Террордук чабуулга шектүү деп кармалгандардын саны 14кө жетти, алардын арасында Абединин улуу агасы Исмаил дагы бар. 14 кишинин экөө сурак бергенден кийин койо берилди, калган 12 киши болсо камакка алынды.

28-майда ички иштер министри Амбер Радд Би-би-си телеканалына берген маегинде топтун мүчөлөрү дагы деле эркиндикте жүрөбү деген суроого “Болушу мүмкүн. Операция жүрүп жатат” деп жооп берди.

22-майда Манчестер шаарынын стадионунда эл концерттен тарап жатканда жанкечти өзүн жардырып, 22 киши каза таап, 60тан ашуун адам жарадар болгон. Алардын 23үнүн абалы оор бойдон ооруканада жатат.

XS
SM
MD
LG