Линктер

бейшемби, 22-февраль, 2018 Бишкек убактысы 18:24

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айылынын тургуну үйүнүн жанындагы кудукту тазалайм деп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 28-май күнү 41 жаштагы тургун 27 метр тереңдиктеги кудукту тазалап жатып, аба жетишпей көз жумган. Маркумду министрликтин куткаруучулары сыртка алып чыгышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, каза тапкан адам бирөөнүн суу сактоо үчүн колдонгон кудугун тазалап жаткан эле. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG