Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Меркел: Европа эми АКШ менен Британияга толук таяна албайт


Канцлер Ангела Меркел жана президент Дональд Трамп Чоң жетинин саммитинде. Италия, 26-май, 2017-жыл.
Канцлер Ангела Меркел жана президент Дональд Трамп Чоң жетинин саммитинде. Италия, 26-май, 2017-жыл.

Немис канцлери 28-майда Мүнхендеги шайлоо митингде айткандай, АКШ жана Улуу Британия менен достук мамилени кармоо маанилүү болгону менен ал эми аларга “толук таяна албайт” жана европалыктар эми “өз тагдырын” өз колуна алышы абзел.

“Биз толугу менен башкаларга таяна алган мезгил бүттү, мен муну акыркы бир нече күндө аңдап, билдим. Биз европалыктар өз тагдырыбызды өз колубузга чындап алышыбыз керек”,- деди Меркел.

Анын бул сөздөрүн чогулгандар бир мүнөткө созулган кол чабуулар менен коштоду.

Немис канцлеринин бул билдирүүлөрү алдында "Чоң жетинин" өлкөлөрү Италиядагы саммитинде климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин колдоону макулдаша албай койду. Ага катар соода жана качкындар маселе боюнча да пикир келишпестик чыкты.

АКШ президенти Дональд Трамп "Чоң жетинин" саммитине чейин 26-майда Брюсселде Евробиримдиктин лидерлери менен кездешкенде Германияны НАТОнун коргонуу чыгымдары боюнча ченемин аткарбай жатканы үчүн кескин сындаган эле.

Ал ошондой эле, маалыматтарга караганда, немис автоөндүрүшүнүн АКШга экспорту боюнча да нааразылык билдирген.

Трамп өзү Европадагы визитин комментарийлеп, 28-майда Твиттердеги баракчасына “Сапар АКШ үчүн зор ийгилик болду. Оор жумуш, бирок чоң жыйынтыктар”, -деп жазды.

XS
SM
MD
LG