30-майда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 19...24;
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 18...23;
Баткенду түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 15...20, күндүз 23...28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24;
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10;
Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23°.