Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:10

БУУ: быйыл 100 миңдей ооган үй-жайын таштоого аргасыз болду


Пешевардагы ооган качкындары. 27-апрель, 2017-жыл.

Бул тууралуу Улуттар уюмунун гуманитардык жардамдарды координациялоо боюнча кеңсеси бүгүн жарыялаган баяндамада айтылат.

Алардын эсеби 2017-жылы Ооганстанда 103 229 адам жер которгонун көргөздү.

Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36% аз дегендик.

БУУнун кеңсеси мунун бир нече себептерин атаган.

Биринчиден, уруштар былтыркы аймактарда эле уланып жаткандыктан, адамдар ал жактан мурда эле кетип калышкан.

Экинчиден, жакырчылык күчөгөндүктөн чоң үй-бүлөлөрдүн башка жакка көчүшү кыйындады.

Үчүнчүдөн, буга чейин коопсуз деп саналган шаарларда деле азыр абал жакшы эмес.

Быйыл жыл башынан бери борбор Кабулда эле “Талибан” менен “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери бир нече кол салуу жасап, жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылды же жаракат алышты.

Быйылкы жер которуулардын 42% мурда тынч деп саналган түндүк аймактарга, 31% козголоңчулардын жана акыркы айлардагы айгышкан уруштардын очогу болгон түштүк райондордун үлүшүнө туура келет. (UE)

XS
SM
MD
LG