Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 22:31

Тамеки баасын көтөрүү сунушталууда


Парламентте тамекини кымбаттатуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин бүгүнкү жыйынында сатыкка коюлган тамеки продукциясынын чекене баасын жогорулатуу маселеси каралды. Бул багытта өкмөткө тиешелүү тапшырмалар берилди.

Демилге депутаттар Дастан Бекешов, Альфия Самигуллина жана Евгения Строковага таандык.

Парламенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, депутат Альфия Самигуллина "Эң арзан чылымдын бир кутусу азыр 40 сомдон сатылып жаткан болсо, аны 50 сомго жогорулатуу зарыл" деген пикирин билдирип, кошумча киреше салыгын кайра карап чыгуу керектигине токтолду.

Депутат Рыскелди Момбековдун каршы добуш бергенин эсепке албаганда, комитеттин чыгарган чечими аркылуу сунушталган демилге жактырылды.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG