Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:49

Казакстан: түрмөлөрдө орозо кармоого тыюу салынды


Казакстандын Атырау шаарындагы УГ-157/9 абагы.

Казакстандын Атырау шаарынын УГ-157/9 абагында соттолгондорго орозо кармоого тыюу салынганын укук коргоочу Асел Нургазиева "Азаттык" радиосунун казак кызматына билдирди. Анын айтымында, муну менен жарандардын дин тутуу эркиндиги боюнча укуктары бузулууда:

- Орозо кармаган төрт соттолуучуну ички тартипти бузду деген жүйө менен карцерге отургузушкан. Бирок алар орозолорун улантышууда. Абактын катаал шартында орозо кармоо оңой эмес, - деди Асел Нургазиева.

Атырау облусундагы түрмөлөрдө жана УГ-157/9 абагында орозо кармоого тыюу салынганын Казакстандын Ички иштер министрлигинин жазаларды аткаруу системасынын облустук департамент башчысы Жасталап Басаров ырастады. Ал орозо кармоого колониянын ички тариптери жол бербей турганын кошумчалады. Бул абакта 412 адам кармалат.

XS
SM
MD
LG