Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 18:07

Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду


Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын депутаттары Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов баштаган бир канча адамга кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, кылмыш иши Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин материалдарынын негизинде, Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, коррупцияга байланыштуу козголду.

Алар 2009-2015-жылдар аралыгында “Машина сыноочу станция” ишканасына 200 миллион сом мыйзамсыз ссуда бөлүп, акча максатсыз пайдаланылганы айтылууда. Иш УКМКга өткөрүлдү.

Игорь Чудинов 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин өкмөт башчы, Акылбек Жапаров 2009-2010-жылдары вице-премьер-министр болгон. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG