Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:19

Карасин: Москва Молдовага катаал жооп кайтарат


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин Молдованын беш орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу боюнча чечимине Москва катаал жооп кайтарарын айтты.

"Жооп сөзсүз болот. Ал абдан катаал жооп болот", - деди Карасин 29-майда. Кишинев беш орус дипломатын "нон-грат персоналары" деп атап, алардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө 72 саат берген.

"Бул абдан олдоксон чагым. Орусия менен эки тараптуу алаканы жакшыртуу үчүн иштеп жаткан президент Игорь Додон башында турган күчтөргө каршы сокку", - деди Карамсин орусиялык маалымат агенттиктерине жасаган билдирүүсүндө.

Дипломатиялык карама-каршылык өткөн жылдын соңунда шайланган президент Додон менен батышчыл өкмөт ортосунда чыңалуу күчөгөн маалга туш келди. Ага Молдова парламентинин мурдагы депутаты мамлекеттик сырларды орус элчилигинин кызматкерине ачыктап салды деген сөздөр түрткү болгон. Мурдагы депутат Юрий Болбочан орус элчилигинин аскерий атташеси менен болгон жолугушуусу тууралуу видео жарыяланып кеткен соң, мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, март айында камалган.

XS
SM
MD
LG