Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Багдаддагы жардыруу 20 адамдын өмүрүн алды


Жардыруулардын бири Багдаддын өкмөттүк имараттар жайгашкан районунда болду.
Жардыруулардын бири Багдаддын өкмөттүк имараттар жайгашкан районунда болду.

Ирактын расмийлери билдиргендей, Багдаддагы эки автоунаанын жардырылышынан кеминде 20 адам мерт кетип, сексенден ашууну жарадар болушту.

Калабалардын бири үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу алды. Биринчи жардыруу Каррада районундагы балмуздак саткан популярдуу кафелердин биринде түн ортосунда болгон. Анда 13 киши мерт кетип, 40тан ашууну жараат алышты.

Ал эми экинчи жардыруу бир нече сааттан кийин өкмөттүк имараттар жайгашкан Карх районунда катталды. Бул окуя үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Чабуулдар мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Орозо айы башталганына бир нече күн болгондо уюштурулду. Орозодо ирактыктардын көбү ооз ачуу жана жабуу үчүн көчөдөгү кафелерде топтолушат.

XS
SM
MD
LG