Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:28

Чаткалда “Тамекисиз жашоо” акциясы өттү


Акциядагы мелдештердин бири.

Жалал-Абаддын Чаткал районунун борборунда бүгүн “Тамекисиз жашоо” аталышындагы акция өттү. Райондук ден соолук комитети уюштурган иш-чарага медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып, алгач жөө жүрүшкө чыгышты. Андан соң аркан тартыш, аялдар арасында кол күрөш жана башка мелдештер уюштурулду. Мындан тышкары ар бир катышуучу өпкөсүндөгү ыштын деңгээлин аныктоочу атайын текшерүүдөн өтүштү.

Иш-чара 31-май бүткүл дүйнөлүк чылым чегүүгө каршы күндүн урматына уюштурулду. (RsK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG