Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Нидерланддардын Сенаты Украина менен келишимди жактырды


Нидерланддар Украина менен макулдашууну жактыра элек Евробиримдиктеги жалгыз мамлекет эле.

Нидерландарддын парламентинин жогорку палатасы Украина менен Евробиримдиктин ассоциациясы тууралуу келишимди жактырды. Бул Евробиримдик менен Киевдин ортосундагы байланыштарды бекемдей турган пакттардын ратификацияланышына жол ачат дегенди билдирет.

Нидерланддар Украина менен макулдашууну жактыра элек Евробиримдиктеги жалгыз мамлекет эле.

2016-жылдын апрелинде өткөн референдумда көпчүлүк Украина менен Европа Биримдигинин ортосунда келишимди ратификациялоого каршы добуш беришкен.

Нидерланддардын өкмөтү үчүн референдумдун юридикалык күчү жок болсо да, анын жыйынтыктарын четке кагуу саясий тобокелчиликтерди жаратмак. Ошол себептен премьер-министр Марк Рютте элдин пикирин эске алып ассоциация боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Брюсселден суранууну оппозицияга убада кылган.

Жыйынтыгында өткөн жылдын декабрь айында Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү бир пикирге келишип, макулдашуу Украинанын Евробиримдикке киришине жол ачпастыгын жана Киевге аскерий жана каржы жардам берүүгө негиз бербестигин билдиришкен.

Мындан соң гана макулдашууну Нидерланддарга ратификациялоого кайрадан жиберишкен. Бул жолку добуш берүүдөн кийин документке Нидерланддардын падышасы кол коюп, анан макулдашуу Брюсселге жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG