Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:36

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалдан 33 жана 35 жаштагы кыргызстандык эки жаран жабыркап, Москва шаарындагы Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилгенин кабарлаган.

Алардын бири медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыгарылган, ал эми экинчисинин абалы орточо оор.

Элчиликтин маалыматы боюнча, катуу шамалдан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Жабыр тарткандар боюнча дагы тактоо иштери уланууда.

29-майда Москва шаарында жана облусунда ылдамдыгы секундуна 30 метрге чейин жеткен бороондон 16 адам өлүп, 150гө жакын киши жаракат алганы расмий маалымдалды. Ошондой эле эки миңдей автоунаа талкаланып, 27 миңдей дарак кулаган. Жүздөгөн инфраструктуралык объектке зыян келген. Каза тапкандардын көбүн кулаган бак-дарактар басып калган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бороон-чапкын тууралуу алдын ала эскертүү берген эмес деген сынга кабылды.

XS
SM
MD
LG