Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:32

Кыргызстан адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча БУУнун глобалдык программасына кошулду. Мунун алкагында Улуттар уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы өлкөдө адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү боюнча глобалдык программасын ишке киргизет. Бул тууралуу 31-майда Бишкекте өткөн эл аралык жыйында маалым болду.

Өкмөткө караштуу Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев "Азаттыкка" билдиргендей, бул программа кыргыз өкмөтүнө 2017-2020-жылдарда адам сатууга каршы күрөшүү аракеттерин жана 2030-жылга чейинки миграциялык саясаты боюнча Улуттук стратегиялык планды иштеп чыгууга түрткү берди.

Улуттар уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азиядагы өкүлү Ашита Миттал учурда бул көйгөйлүү маселе Кыргызстанды да кыйгап өтпөгөнүн белгилеп, аны алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар зарылдыгын билдирди:

"Бул иш-чаралар БУУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы конвенциясына дал келгидей болушу керек",-деди Ашита Миттал.

Адам сатууну жана мигранттарды мыйзамсыз ташууну алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча глобалдык иш-аракеттер планы GLO.ACT – бул Европа Биримдиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын биргелешкен демилгеси. Ал төрт жылга эсептелинген жана бюджети 11 миллион еврону түзөт. Долбоор 13 өлкөгө адамдарды сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы улуттук чараларды пландаштырып, ишке ашырууга колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.

Расмий маалыматтар боюнча, өткөн жылы кулчулукта жүргөн жана сатылып кеткен 175 кыргызстандык куткарылган. Алардын тең жарымы аялдар жана балдар. Арасында эмгек жана сексуалдык кулчулукка кабылгандар көп. (ZKo)

XS
SM
MD
LG