Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш Венгрияга окуу үчүн сынактын өткөрүлүшүн жана студенттерди тандоонун жүрүшүн текшерип чыкты. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин сайтында жарыяланды. Маалыматта сынак тууралуу министрлик интернет булактарына кеңири жарыялаганы, аны 20 миңден ашуун киши көргөнү, документтерди текшерүү венгер жана кыргыз тарап бекиткен эреженин негизинде жүргөнү, экзаменге кирүү үчүн документтерди кабыл алууда Венгрия койгон критерийлер сакталганы, башында эле мамлекеттик кызматкерлердин балдары үчүн арыз тапшырууда чектөөлөр аныкталбаганы белгиленген.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 18-майдагы жалпы жыйында чет мамлекеттерде билим алуу үчүн Кыргызстанга берилген квоталар ачык бөлүнбөй жатканын сындаган. Ошондой эле гранттык окууга сынак тапшырган жүздөгөн балдардын документтери белгисиз себептерден улам жиберилбей, башка 25 студенттин тизмеси жөнөтүлгөнүн айткан.
Ал Венгрияга бекер окуу үчүн берилген орундарга чиновник, депутаттардын балдары илинип, карапайым элге маалымат жетпей жатканын белгилеген. Көп өтпөй Билим берүү жана илим министрлиги депутаттын айткандарына түшүндүрмө берип, сынактын биринчи турунан өткөн студенттердин тизмесин жарыялаган. (КЕ)