Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28;
Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +17...+22;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;
Бишкекте 1-3-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28 градус ысыйт.