Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Орусия молдовалык дипломаттарды өлкөдөн чыгарат


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусия расмий Кишинёв менен Таллиндин орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечимине жооп кылып, беш молдовалык жана эки эстониялык дипломатиялык кызматкерди "персона нон грата" деп жарыялады. Орус тышкы иштер министрлиги бул дипломаттарга Орусиядан чыгып кетүү үчүн үч күн убакыт берилгенин билдирди. Дипломатиялык кызматкерлердин аты-жөнү так айтылган жок.

Дүйшөмбүдө Молдованын Тышкы иштер министрлиги беш орус дипломатын "персона нон грата" деп жарыялап, аларга өлкөдөн чыгып кетүү үчүн 72 саат убакыт берген. Эстония болсо 26-майда Нарва шаарындагы Орусиянын башкы консулу Дмитрий Казённов менен консул Андрей Сургаевди өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Молдованын президенти Игорь Додон дипломаттар чырын Орусиянын президенти Владимир Путин менен бул аптада Санкт-Петербургдагы жолугушууда талкууларын айтты. Бул окуя Молдовада өткөн жылы шайланган орусиячыл президент Додон менен батышчыл өкмөт ортосунда чыңалуу күчөгөн маалда болду.

Өкмөттүн орус дипломаттарын өлкөдөн чыгаруу чечими "молдовалык депутат орус дипломатына жашыруун маалыматтарды берди" деген кабар чыккандан кийин кабыл алынды. Бирок Молдованын Тышкы иштер министрлиги өз чечиминин себебин так түшүндүргөн жок.

XS
SM
MD
LG