Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Каракол шаарынын жолун оңдоого 150 млн сом бөлүнөт


2017-жылы Каракол шаарында беш чакырымга жакын ички жолдорго капиталдык ремонттоо иштери жүргүзүлөт. Жол четиндеги инфраструктура жана жарыктандыруу системасы жакшыртылат. Бул үчүн жалпасынан жана 150 млн сом бөлүнөт. Анын 90 млн сомун республикалык бюджеттен, 60 миллионун Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан бөлүү каралган.

Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Каракол шаарынын ички жолдорунун абалы менен таанышуу учурунда маалым болду.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, ремонт жасалуучу Токтогул көчөсүнүн узундугу 1,6 чакырымды түзөт. Аталган көчө Каракол шаарынын мэриясынын карамагында турат. Бирок курулуш үчүн финансылык каражаттын жетишсиздигинен улам аталган министрлик алган. Курулуш иштерин бир айдан ашпаган мөөнөттө бүткөрүү пландалууда.

Өкмөт башчынын айтымында, ушул жылы эле өлкөдөгү жолдорду оңдоого 750 млн сом каражат бөлүнгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG