Ишембиде президенттин расмий кеңешчиси кызматынан бошотулган Фарид Ниязов Алмазбек Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Фарид Ниязов президенттик шайлоодо Социал-демократтар партиясынын шайлоо штабын жетектерин билдирген. Ал КСДП учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду жалгыз талапкер катары чыгарарын да кошумчалаган эле.
Быйыл март айына чейин президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязов 2011-жылкы президенттик шайлоодо да Алмазбек Атамбаевдин шайлоо штабын башкарган.(BkA)