Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:12

Бишкекте бак-дарактарды кыюуга каршы акция өттү


Токтоналиев көчөсүндөгү кыйылган дарактар.

Бишкектеги Горький көчөсүндөгү Ботаникалык бакчанын жанында бак-дарактардын кыйылышына каршы акция өттү. Акцияга 30га жакын адам катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кайгылуу музыка ойнолуп, мындай жол менен шаардыктар кыйылган дарактар үчүн аза күтүп жатышканын билдиришти. Акцияга “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев катышып, бийликтерди сындаган сөз сүйлөдү. Бирок акциянын катышуучулары иш-чара эч кандай саясий максатты көздөбөй турганын айтышты.

Бишкек шаарынын бийлиги Токтоналиев көчөсүнүн жээгиндеги 140тан ашуун түп бак-даракты кыюу чечимин кабыл алган. Муну аталган көчөдөгү жолду кеңейтүү чечими менен түшүндүрүшкөн.

2-июнда бак-дарактарды кыюу башталганда Бишкектин бир нече тургуну каршылык билдирип чыккан эле. Нааразылык акциясына чыккан он кишини милиция кармап кетип, кийинчерээк бошоткон.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG