Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:41

Чоң-Алайда үч ирет жер титиреди


3-5-майда Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген
3-5-майда Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген

Ош облусунун Чоң-Алай району тарапта үч саат ичинде үч жолу жер титиреди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, түнкү саат 00:45те коңшу Тажикстанда жер титиреп, Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл болуп сезилди. Андан 10 мүнөт мурдараак ошол эле жерде 2 баллдык силкинүү катталган. Ал эми эки саат мурда Бор-Дөбө айылында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, ондогон үй авариялык абалга келген. Ошондон бери бул аймакта утур-утур жер титирөө катталып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG