Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Бабанов өкмөттүн Таластагы өкүлүн сындады


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Парламенттеги «Республика Ата-Журт» фракциясы Талас шаарынын мурдагы мэри Анарбек Кушубековдун кызматтан кетишине өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев кийлигишкен деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн Таласта өткөн жыйында фракция лидери Өмүрбек Бабанов айтты.

Жыйындын айрым катышуучулары мурдагы мэр жакшы иштеп жатканын айтып, анын кызматтан алынуу себептерине кызыгып суроо беришти. Бабанов суроолорго жооп берип жатып буга Даир Кенекеев түрткү болгонун белгиледи жана мунун айынан партия ичинде бөлүнүп-жарылуу орун алганын айтты.

“Азаттык” радиосунун кабарчысынын бул айыптоо боюнча Кенекеевдин өзүнүн пикирин угуу аракетинен майнып чыккан жок. Басма сөз кызматы ал азыр эмгек өргүүсүндө экенин айтып, байланышуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

“Республика” партиясынын өкүлү Анарбек Кушубеков 2013-жылы Талас шаарынын мэри болуп шайланып, соңку жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодон кийин кызматтан кеткен. Мэр шайлоо Таласта ар кандай саясий акциялар менен коштолгон болчу. (AlS)

XS
SM
MD
LG